УБТга арыздарды кабыл алуу башталды

УБТга арыздарды кабыл алуу башталды

Бүгүн Казакстанда үчтүн айында өтө турган Улуттук бирдиктүү тестирлөөгө катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу өлкөнүн илим жана жогорку билим берүү министрлиги билдирди. Тестирлөө үчтүн айынын 10нан бирдин айынын 10на чейин өткөрүлөт. Талапкерлер сынактын датасын, убактысын жана ордун өздөрү тандашат. Жалпысынан УБТнын форматы өзгөрүүсүз калды. Эки гана предмет боюнча тесттик тапшырмалардын санына оңдоолор киргизилди. Анын ичинде Казакстандын тарыхы боюнча  20, окуу сабаты боюнча 15 суроо берилет. Мындан тышкары тесттик тапшырмалар, жооптордун нускалары да кыскарган. Арыздарды кабыл алуу үчтүн айынын 6на чейин жүргүзүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков