Өлкөнүн ийгилиги үчүн казактан чыккан тунгуч саясатчы аял, Улуу Талаада биринчи кыздар мектебин ачкан легендарлуу адам. Казакстандык жазуучу Маржан Ершунун «Бопай ханым» аттуу китеби жарык көрдү. Поэма даанышмандын көркөм образын ачууга багытталган. Ал Абулкайыр хандын сүйүктүү жары жана кеңешчиси катары таанылып, өзүнүн акылмандыгы, мекенчилдиги менен белгилүү болгон. Анын архивдик документтердин негизинде Орусия империясынын башкаруучуларына жана элчилерине жазган каттары 7 бөлүмдөн турат.
Көпен Амирбек, жазуучу, сатирик, казакстандын эмгек сиңирген ишмери:
- Эмне деп жазылганын, кандай болгонун билели деп келдик. Окуп чыктык. Бул жука кыргычтын кырындай болгон китеп экен. Ал тарыхка негизделген. Бопай айымдын каттары архивде сакталып турат. Ага таянып, кээ бир жерлерде фантазиялуу, поэтикалык обондор менен жакшы китеп чыгарылды. Бул эмне? Бул Маржандын талыкпаган эмгеги.
Китептеги дагы бир жаңылык – Бопай айым өлкөнүн батыш тарабындагы Кең Жылыой перзенти деп жазылган. Акын киндик каны тамган жер тууралуу сөзүндө тарыхый маалыматтарды колдонот. Китептин мукабасында 1736-жылы англиялык саякатчы Джон Кэстль тарткан айымдын сүрөтү бар. Маржан Ершунун айтымында, бул кыраакылык менен акылдуулуктун астындагы назиктик менен сулуулукту символдоштурган жалгыз уникалдуу чыгарма.
Маржан Ершу, акын, прозаик, драматург, сатирик, котормочу, филология илимдеринин кандидаты:
- Ошол сүрөткө карап олтуруп, Бопай айымдын эстелигин коюш керек. Бул пропаганда жагынан абдан маанилүү деп ойлойм. Бопай айым тууралуу сахналык жана экрандык чыгармаларга да муктаждык бар. Бопай айымды сахнага алып чыгуу кыялым бар. Бул поэманы драммага айландыруу.
Кийинки максаты - Орусиянын Оренбург облусунда көмүлгөн Бопай айымдын сөөгүн өлкөгө кайтарып, «Хан көрүстөнү» – Абулкайыр комплексине коюу максаты турат. Бул анын устаты Абиш Кекилбаевдин демилгеси болгон. Белгилүү жазуучу Бопай айым биринчи жолу «Үркер»,
«Елең-алаң» романдарынын темасына токтолгон. Маржан Ершу ырдын жаралышына Абиш аганын кеңеши себеп болгонун айтат. Буга байланыштуу Улуттук академиялык китепкананын жазуучусу Абиш Кекилбаев окуу залында баяндама жасоону чечкен.
Которгон: Илгиз Жамалбеков