Мамлекет башчысы Астананын билим жана индустриалдык имараттарын кыдырды

Мамлекет башчысы Астананын билим жана индустриалдык имараттарын кыдырды

Астанада 2029-жылга чейин 15 заманбап окуучулар сарайы ачылат. Алардын ичинен бешөөнүн курулушу жакында башталат. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Астанадагы жаңы балдар борбору менен таанышып жатып билдирди. Беш кабаттуу заманбап имаратта 5 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөр үчүн 60тан ашык клуб жана спорт секциялары иштейт. Алар техникалык чыгармачылык, колдонмо искусство, коомдук илимдер, музыка жана хореография, спорт сыяктуу бир нече багыттарга бөлүнгөн. Борбор бир эле учурда 700 баланы кабыл ала алат. Аянты 7500 чарчы метр болгон имаратта акыркы технологиялар менен жабдылган класстардан тышкары бассейн, акт залы, подкаст жана фотостудиялар бар. Президент робототехника, 3D-модельдөө жана карапа идиштерин жасоочу класстарга барды. Борбордун мугалимдери, балдары жана ата-энелери менен баарлашып, мындай борборлор ар бир шаарда, облуста болушу керектигин айтты. Мамлекет башчысы ошондой эле Астананын индустриялык объектилерин кыдырды. Брондолгон дөңгөлөктүү техника өндүрүүгө жана жаңыртууга адистешкен заводдун иши менен да таанышты. Президент бул тармакты өнүктүрүүнүн чоң келечеги бар экенин баса белгилеп, компанияны коргонуу өнөр жайына адистешкен ата мекендик ишканаларды өнүктүрүүгө толук катышууга чакырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков