Казакстандын ден соолук туризмине суроо-талап артып келет

Казакстандын ден соолук туризмине суроо-талап артып келет

Казакстанда ден соолукту чыңдоо туризмине суроо-талап өсүүдө. Курортторго жарандар менен катар чет элдик коноктор да көп келе баштады. Дартка даба издегендерди биринчи кезекте аба ырайы жагымдуу, дарылык касиети бар жерлер кызыктырат. Казакстанда мунун экөө тең бар. Ошондуктан өлкөдө эс алууну каалагандардын тандоосу артып келет. Ошентип, туристтер арасында Казакстандын түштүгүндөгү курорттор чоң суроо-талапка ээ. Анын минералдык суулары өнөкөт оорудан айыккан бейтаптын иммунитетин калыбына келтирүүдө абдан эффективдүү. Чыгыштагы Катонкарагайдын термикалык радон булактары чет өлкөлүк альтернативдик түрлөрүнүн касиеттеринен эч кандай кем калышпайт. Эндокриндик оорулардан айыгуунун жападан жалгыз жолу ушул суу булактарында. Республикада мындай 173 курорт бар.

Ернур Кенжебеков, «Kazakh Tourism» УК» АК басма сөз катчысы:
-Ал эми өлкөнүн батышындагы санаторийлер муундардын, нерв системасынын, ошондой эле тери ооруларын дарылоого жана алдын алууга багытталган. Бурабайдын жана Костанайдын карагайлуу токойлорунун экологиялык жактан таза абасы, шыпаалуу баткагы, тоо пейзажы жана кайталангыс жаратылыш кооз жерлери ден соолугун чыңдагысы келгендер үчүн эң керектүү курорттук аймакка айланды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков.