Түркияда Ахмет Байтурсын уулунун 150 жылдыгы белгиленди

Түркияда Ахмет Байтурсын уулунун 150 жылдыгы белгиленди

Анкарада Алаш баатыры Ахмет Байтурсын уулунун 150 жылдык мааракеси белгиленди. Окумуштуунун чыгармачылыгына арналган эл аралык конференцияга дипломаттар, түркиялык коомдук ишмерлер, түркология илимдеринин профессорлору жана студенттер чогулушту. Алардын көпчүлүгү анын чыгармачылыгына арналган диссертациялардын, макалалардын авторлору. Түркиянын адабият таануучулары Ахмет Байтурсын уулунун чыгармачылыгын Казакстандын эле эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн орток мурасы деп эсептешет.

Нергиз Бирай, Памуккале университетинин профессору:

- Түркияда Алаш кыймылы жана Ахмет Байтурсын уулу тууралуу изилдөөлөр 2000-жылдары башталган. Акындын ырлары боюнча доценттик диссертациямды жактадым. Ал китеп болуп басылып чыккан. Быйыл 150 жылдык мааракеге карата түрк дүйнөсүнүн мугалиминин мурасы тууралуу китеп жаздык. Ал Казакстандын элчилигинин жана Евразия жазуучулар союзунун атынан жарык көрөт.

Якуп Өмероглу, Евразия жазуучулар союзунун төрагасы:

- «Кардеш Калемдер» журналы бир гана Түркияда басылып чыкпайт. Көптөгөн нускалары Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан, Татарстан жана башка түрк республикаларына да таркатылып, окулат. Бул басылмада Ахмет Байтурсын уулу тууралуу макалалар жарыяланды. Муну бардык интеллигенция өкүлдөрү билиши керек - деп ойлойбуз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков