«Казакстан калкына» фонду 2350 билим берүү грантын бөлөт. Грант ээлерине 40 миң теңге өлчөмүндө стипендия төлөнөт. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди. Башында 360 грант бөлүү пландаштырылган, бирок арыздардын көптүгүнө байланыштуу алардын санын көбөйтүү чечими кабыл алынган. Айыл жериндеги ата-энесинин камкордугусуз, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн жетим балдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген абитуриенттер бекер билим алышат. Акы төлөп, билим алып жаткан студенттерге да фонддун эсебинен окуусун улантууга мүмкүнчүлүк берилет. Бул үчүн абитуриенттер ушул айдын 17не чейин, ал эми студенттер 25не чейин арыздарын тапшырууга тийиш. Аларга коюлган талаптар менен фонддун расмий сайтынан таанышууга болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков