Бирок, учурдагы документтерди өзгөртүүнүн кажети жок. Документ Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилгендиктен, алар колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин күчүндө болот. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги калкты тейлөө борборлорунда дактилоскопиялык каттоодон өтүү акысыз экенин жана 10 мүнөттөн ашпай турганын белгиледи. Манжа издери бир гана казакстандыктардан эмес, чет өлкөлүктөрдөн жана жарандыгы жок адамдардан да алынат. Алар микросүрөткө киргизилет.
Айгүл Каңлыбаева, ИИМнин комитетинин өзгөчө тапшырмалар боюнча ага инспектору:
Эки колунун бардык манжаларынын жок болушу же эки колдун тырмак фалангында капиллярдык сызыктардын жоктугу сыяктуу физикалык майыптыгы бар адамдар дактилоскопиялык каттоодон бошотулат. Манжа изин каттоо бир жолу жүргүзүлөт. Бул жол-жобосу жараат же жаракаттын кесепетинен эгерде ал алгач жасалбаса, зарыл болгон учурда кайталанышы мүмкүн. Биометрикалык документтер биометрикалык идентификацияны түзүүгө жана системага киргизүүгө, документтерди жасалмалоодон коргоого, терроризм коркунучу күчөгөндө коопсуздук чараларын жакшыртууга жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча милдеттерди ийгиликтүү чечүүгө мүмкүндүк берет.
Буга чейин Ички иштер министрлиги документтерди тариздөө эрежелерин жаңылаган. Эми өздүк картада фамилиясы, аты, атасынын аты; күнү жана туулган жери; жынысы, берилген күнү, документтин номери, мөөнөтү, жеке колу, социалдык камсыздандыруу номери жана манжа издери көрсөтүлөт. Бирок улутун көрсөтүүнү ар ким өзү тандайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков