БУУ фонду Казакстанга эко долбоорлор үчүн 280 млн доллар бөлөт

БУУ фонду Казакстанга эко долбоорлор үчүн 280 млн доллар бөлөт

Казакстандын экологиялык долбоорлорун БУУнун Жашыл климаттык фонду каржылайт. Бул үчүн 280 миллион доллар бөлүнөт. Каражат кайра жанма энергия булактарын өнүктүрүүгө, өнөр жай секторунда аз көмүртектүү технологияларды киргизүүнү шыктандырууга, ошондой эле электромобилдер рыногун өнүктүрүүгө багытталат.

Сырым Нургалиев, Эл аралык жашыл технологиялар Борборунун долбоорлорду башкаруу департаментинин долбоор жетекчиси:

- Кайра жанма энергия тармагындагы бир катар долбоорлорду каржылады. Бул шамал жана күн электр станциялары. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы каржылаган 11 долбоордун тогузу. Өнөр жай тармагында аз көмүртекти өнүктүрүү боюнча долбоорлор бар. Бул багыт да тез өнүгүп келет. Ага Азия өнүктүрүү банкы колдоо көрсөтүүдө. Аны Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жашылдандыруу жана «жашыл» каржылоо боюнча бир убакта иштейт. Бул жерде чакан жана микро каржылык уюмдар, орто бизнестин өкүлдөрү үчүн белгилүү бир каржылоо булактары бар.

Белгилей кетсек, жашыл долбоорлорду илгерилетүү боюнча өткөн жылы БУУнун Климаттык фонду үчүн өлкө көлөмүндө программа иштелип чыккан. Ага парник газдарынын эмиссиясын азайтуу, айылдарды суу менен камсыздоо системасын өнүктүрүү, чарбаларды жаңылоого багытталган 7 долбоор камтылган.

Сырым Нургалиев, Эл аралык жашыл технологиялар Борборунун долбоорлорду башкаруу департаментинин долбоор жетекчиси:

- Долбоорлор ушул 7 келечектүү багыттын алкагында каржыланат. Жалпы республикалык программанын алкагында да долбоорлор бар. Аталган 7 долбоордун жалпы баасы 1 миллиард долларды түзөт. Анын 630 миллион долларын Жашыл климаттык фонд сунуштайт деп мерчемделип жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков