Өлкөнүн эң башкы баалуулугу – адам. Андыктан улуттук байлыкты тең бөлүштүрүү, бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк түзүү реформанын негизги максаттары болуп саналат. Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев өлкө элине кайрылуусунда Улуттук фонддун жылдык инвестициялык кирешесинин жарымы кичинекей казакстандыктардын жеке эсебине которула турганын айтты.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Мамлекетибиз пайдаланып жаткан улуттук байлыктан ар бир үй-бүлө пайда көрүшү керек. Ошондуктан мен жарыялаган Балдар жылынын алкагында “Улуттук фонд - балдарга” аттуу жаңы программаны ишке ашырууну абдан маанилүү - деп эсептейм. Фонддун жылдык инвестициялык кирешесинин 50 пайызын балдар үчүн атайын сактык эсебине которууну сунуштайм. Акча каражаты ар бир бала 18 жашка чыкканга чейин которулат жана белгиленген мөөнөткө чейин эсептен чыгарууга болбойт. Чогулган акча балдар жашы жеткенден кийин турак жайга же окууга жумшалат. Бул каражаттар өсүп келе жаткан муундун чоң жашоого кадам таштоосуна шарт түзөт.
Мамлекет башчысы бул демилге 2024-жылдан тарта ишке ашаарын белгиледи. Кошумчалай кетсек, келээрки жылдан баштап бала 1,5 жашка чыкканга чейин аны багуу боюнча жөлөк пул төлөнөт. Ошентип, балдар үчүн эң маанилүү учур – наристе кезинде ата-энелери жанында көбүрөөк боло алат - дейт Сенаттын депутаты Дана Нуржигит.
Дана Нуржигит, Казакстандын Парламент Сенатынын Депутаты:
- Балдар үчүн апасынын жанында болгону абдан пайдалуу болот - деп ойлойм. Мындай наристе курагында бөбөктөр кошумча камкордукка муктаж. Мындан тышкары, ага дайыма кам көрүү керек. Президент өз кайрылуусунда баланын жашоосунун алгачкы мезгилдеринде анын жанында болуу өтө маанилүү экенин айтты. Бул чечимдин аркасында ата-энелер баласынын өнүгүүсүнө күбө болуп, анын алгачкы кадамдарын жана башка көп нерселерин байкай алышат.
Ошондой эле, президент элге кайрылуусунда аялдардын пенсия курагына өзгөчө токтолду. Коомдун талабын эске алуу менен аялдардын пенсияга чыгуу курагы 2028-жылга чейин 61 жаш деңгээлинде калтырылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков