Казакстандын Борбор Азия аймагында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда салымы чоң

Казакстан Борбор Азия чөлкөмүндө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга олуттуу салым кошуп келет. Президент Касым-Жомарт Токаевдин БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагындагы жалпы талкууларда көтөргөн демилгелери өлкөнүн туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү ниетин айгинелейт. Эске сала кетсек, мамлекет башчысы Казакстан азык-түлүк менен камсыздоонун аймактык хабына айланууга даяр экенин билдирген. Өлкө президенти Казакстанда керектүү ресурстар, инфраструктура жана логистикалык мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи. Серепчилер бул - өлкөнүн көп кырдуу эл аралык кызматташууга багыт алып, келечектин принциптерин бекем карманып, аталган тармакты өркүндөтүү боюнча конкреттүү кадамдарга баргандыгынын жаркын белгиси дешет.

Еркин Түкымов, Президенттин алдындагы КСИИнун мүдүрү:
-БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматына ылайык, Казакстан АКШ, Австралия, Бразилия жана Аргентина сыяктуу айыл чарба тармагында олуттуу шарттары бар өлкөлөрдүн катарына кирет. Жакында өлкөбүздүн президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстан менен Кытайдын чек арасында «Хоргос» эл аралык соода борборун жана Каспий деңизинин жанындагы азык-түлүк түйүнүн түзүү боюнча маанилүү демилгелерди көтөрдү. Биринчиден, бул аймактардын өз ара соодасын жана товар жүгүртүүсүн кыйла жогорулатууга жол ачат. Казакстан азык-түлүк хабына айланса, аймактык инфраструктураны, экономиканы жакшыртууга жана чек ара аркылуу көп тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ болот.

Адистердин айтымында, Казакстан дүйнөлүк аренада өзүн жоопкерчиликтүү жана жигердүү эл аралык өнөктөш катары дагы бир жолу көрсөтүп, аймактык жана глобалдык коопсуздук маселелерин чечүүдө өзүнүн аброюн арттырды. Буга көптөгөн мисалдарды келтирүүгө болот. Мунун бирден-бир далили катары өлкөнүн Борбор Азияны жана Ооганстанды туруктуу өнүктүрүү максаттары үчүн Алматы шаарында БУУнун аймактык борборун түзүү демилгеси болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков