Казакстан транспорт инфраструктурасына 9 трлн теңгеден ашык инвестиция салат

Казакстан транспорт инфраструктурасына 9 трлн теңгеден ашык инвестиция салат

Казакстан транспорт инфраструктурага 9 трлн теңге каржы тартат. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөтү билдирди. Быйыл республиканын аймагында жаңы аэропорттор курулат. Катон-Карагай, Зайсан жана Кендерли курорттук аймактарында аба кемелери пайда болот. Ошондой эле 2030-жылга чейин өлкөдө жаңы автожол желелери төшөлөт. Алардын жалпы узундугу 4,7 миң чакырымды түзөт. Ошондой эле темир жол, суу жана деңиз транспорту боюнча ири долбоорлор ишке ашырылат. «Достык-Мойынты» жана «Алматы айланма жолу» долбоорлору боюнча темир жолдун курулушун аяктоо күтүлүүдө. Ошондой эле «Достык-Бескол» жана «Мойынты-Балхаш» участкаларында жол кыймылын ачуу мерчемделген. Өлкөнүн транзиттик дараметин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Мисалы, өлкөнүн батышындагы Актау портунда контейнер борборунун курулушу башталды. Ал орто коридордун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Башкача айтканда, Азербайжан, Грузия, Түркия аркылуу Транскаспий маршруту боюнча контейнердик ташууларды көбөйтүүгө, ошондой эле Кытайдан Европага транзиттик жүктөрдүн бөлүгүн кайра багыттоого мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков