Өткөн жылы республикада эки триллион теңгеден ашык суммадагы транспорт өндүрүлгөн. Автобизнес ассоциациясынын маалыматы боюнча, бул акыркы 7 жылдагы эң жогорку көрсөткүч. Былтыр алар 5%га көбүрөөк унаа сатышкан. Сан түрүндө айта турган болсок 123 миң унаадан бир аз ашыгыраак. Жалпысынан алганда өткөн жыл жаңы автоунаа түрлөрүнүн пайда болушу менен, ошондой эле мамлекеттин иштеп жаткан заводдорунда чыгарылып жаткан автоунаалардын маркаларын кеңейтүү менен айырмаланды. Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча, 2022-жылдын башынан бери Казакстанда бардык түрдөгү дээрлик 114 миң даана унаа чыгарылган. Костанай облусу өндүрүш боюнча лидер аталды. Мында 70 миңден ашыгыраак унаа өндүрүлдү. Алматыдагы автоунаа заводу транспорт чыгарууну 37 миң 205 даанага жеткирди. Өндүрүлгөн автоунаалардын калган үлүшү Семей, Көкшетау жана башка аймактарга туура келет. Талдоочулар быйыл ата мекендик өндүрүш компаниясы өзүнүн өндүрүштүк кубаттуулугун мындан ары кеңейтип, өнүмдөрүн локалдаштырууну күчөтөт деп болжолдошууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков