Алдыдагы 3 жылда Казакстандын алтын өндүрүү тармагында 13
инвестициялык долбоор ишке ашырылат. Бул багытта 780 миллиард теңге инвестиция
тартуу пландалууда. Аталган мезгилде кайра иштетүү көлөмү 20,6 миллион тоннадан
ашат же 21 тонна Доре эритмеси өндүрүлөт. Эскерте кетсек, мындай эритмелер
аффинаждык заводдорго жөнөтүлөт. Серепчилердин айтымында, бул Казакстанга
баалуу металлдарды өндүрүүнүн дүйнөлүк рыногундагы позициясын бекемдөөгө
мүмкүндүк берет. Акыркы он жылда республикада тоо-кен байытуучу комбинаттарды
куруу, жаңылоо жана кеңейтүү боюнча 19 долбоор ишке ашырылган. Алардын жалпы
кайра иштетүү кубаттуулугу 27 миллион тоннаны түзөт. Аларды ишке ашырууга 460
миллиард теңге инвестиция тартылган. Көпчүлүк бөлүгү Акмола жана Абай
облустарынын кендеринде алтын өндүрүүчү фабрикаларды курууга жумшалды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

