Казакстанда 9 айда электр энергиясын өндүрүүнүн жалпы көлөмүндө кайра жанма энергия булактарынын үлүшү 6% түздү. Алардын ичинен шамал электр станцияларынын үлүшү басымдуулук кылат. Өлкөнүн Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, 2027-жылга чейин Жетису облусунда кайра жанма энергия булактарынын эки объектисинин курулушу күтүлүүдө. Атап айтканда, алар суу жана шамал станциялары. Кошумчалай кетсек, 2025-жылдын жай айларында Жунгар дарбазасынын аймагында шамал электр станциясын куруу пландалууда. Бул - Казакстан менен Сауд Арабиясынын биргелешкен долбоору.
2035-жылга чейин
Казакстан 6,5 гигаватт кайра жанма энергия булактарына ээ болот. Жыл башында
өлкөдө альтернативдик энергия булактарынын кубаттуулугу 2,5 гигаваттка жеткен. Көрсөткүч
былтыркыга салыштырмалуу 20%га көп. Бул тууралуу QAZAQ GREEN порталы билдирди. Талдоочулардын
айтымында, алдыга коюлган максат белгилүү. Бүгүнкү күндө өлкөдө кайра жанма
энергия булактары казылып алынган энергия ресурстарын алмаштыра алат. Учурда көптөгөн «жашыл» долбоорлор ЖЭБ менен бирдей атаандашууда. Ошол эле учурда, мамлекет
тарабынан колдоо көрсөтүлөт. Алардын ичинен шамал электр станцияларын жана күн
батареяларын орнотууга кеткен чыгымдын 35% мамлекет тарабынан каржыланган. Эске
салсак, президент Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуусунда өлкөнүн энергетикалык
структурасы өзгөрүп, төрт жылдын ичинде болжол менен 1,5 гигаватт кубаттуулук
орнотуларын айткан. 2060-жылга чейин Казакстанда кайра жанма энергия
булактарынын үлүшү 80% ашуусу керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков