Казакстан AI технологияларын киргизүү боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен лидерлердин бири. Өлкөдө мындай долбоорлордун негизги бөлүгү GovTech, FinTech жана Smart City аймактарында топтолгон. Аларды бөлүштүрүү жана башка багыттарга ылайыкташтыруу керек. Президент Касым-Жомарт Токаев Казакстанга Евразиядагы ири санариптик хабдардын бири болуу милдетин койду. Астанада өткөн GenAI Day конференциясында санариптик трансформация менен нейрон системаны колдонуу механизмдери бышыкталды. Иш-чара алкагында булуттуу технологиялар жана машина үйрөнүү чөйрөсүндөгү алдыңкы дүйнөлүк компаниялар жана серепчилер чогулду. Казакстан, Польша жана Германиядан келген талдоочулар мамлекеттик жана жеке сектордо жасалма интеллектти ишке ашыруу боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Нурбек Садыков, GENAI DAY уюштуруучусу:
- Жасалма интеллект менен кандай көйгөйлөрдү чечсе болот? Мисалы - документтерди иштетүү. Кээ бир маалыматтар кол менен жазылган документ болот. Бул маалыматтарды санариптештирүү керек. Эмне кылуу керек? дал ушул көйгөйдү чечүүдө ML же машина үйрөнүү технологиясы жардамга келет. Же чат-бот аркылуу кызмат көрсөтүү үчүн генеративдик жасалма интеллектти колдонуу мүмкүнчүлүгү бар.
Алексей Никоноров, Биринчи насыялык бюросунун жетекчиси:
- Жасалма интеллектке негизделген биринчи колго алып жаткан жумушубуз биометрика. Экинчиси-жасалма интеллект-скорингди иштеп чыгуу. Бул жаатта насыялык скорингге артыкчылык берилет. Жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү чексиз. Аны колдонуп, ишти кыйла жеңилдетүүгө болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

