Астанада IFLA дүйнөлүк китепканалык жана маалыматтык конгресс өтөт

Астанада IFLA дүйнөлүк китепканалык жана маалыматтык конгресс өтөт

Астана ишкердик же MICE-туризм борбору катары өзүн дагы да таанытат. Борбор калаад 2025-жылдын баш оона айында IFLA Дүйнөлүк китепкана жана маалымат конгресси өтөт. Эл аралык масштабдуу иш-чарага 130 өлкөдөн 4 миң делегат келери күтүлүүдө. Бир жума бою дүйнө жүзүндөгү окумуштуулар, саясатчылар, китепкана адистери тармактын тенденциялары менен жаңы технологияларын талкуулап, заманбап окуу залдарын башкаруунун натыйжалуу стандарттарын иштеп чыгышат. Адистер ошондой эле колдонуучуларга кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртууга багытталган жаңы ыкмаларды сунушташат.


Анна Пласманн, K.I.T GROUP компаниясы долбоорлорунун жетекчиси/Германия/Берлин:


- Казакстан абдан күчтүү арыз берди. Аны Visit Astana менен бирге «Kazakh Tourism» компаниясы колдоду. Иш - чарада негизинен китепкана илими, бул жааттагы технологиянын өнүгүшү сыяктуу актуалдуу маселелер талкууланат. Жолугушуулар ар кайсы өлкөлөрдүн катышуучуларынын арасында өткөрүлүп, алар бул багытта тажрыйба, жетишкендиктер менен алмашышат.


Өткөн жылы Улуттук уюштуруу жыйынында мамлекет башчысы китепкана тармагына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын баса белгилеген. Анын айтымында, өлкөдө окуу маданиятын өнүктүрүү маанилүү. Мындай иш-чаралар бул багытка түрткү гана бербестен, өлкөгө кошумча инвестицияларды тартууга да өбөлгө түзөт. Алдын ала эсептөөлөр боюнча Астана бул иш-чарадан 2 миллион еврого жакын киреше табат.


Галымжан Сейилов, «KAZAKH TOURISM» УК АК MICE-туризмди өнүктүрүү кызматынын башкы менеджери:


- Мындай конгрессти өткөрүү баарынан мурда маанилүү, анткени бардык делегаттар өз чыгымдарын өздөрү төлөшөт, башкача айтканда, бул – авиабилеттер, жатакана, тамак-аш жана башка чыгымдар. Муну менен катар инвестициялар, валюта агымы жана туризмди өнүктүрүүгө шарт  түзөт. Эл аралык коомчулуктун маалыматы боюнча, катышуучулардын көпчүлүгү, 40-45% өлкөдө калып, Казакстан менен бирге Борбор Азияга саякаттайт деп күтүлүүдө.


Конгресстин алкагында борбор калаада атайын соода көргөзмөсү уюштурулат. Анда заманбап китепканалар үчүн инновациялык технологияларды жана алдыңкы санариптик иштеп чыгуулар сунушталат.


Которгон: Илгиз Жамалбеков