Alstom француз компаниясы Казакстанда электровоздорго кызмат көрсөтүү борборлорун курулушун баштады. Анын алгачкысын 2025-жылы Жамбыл облусунда ачуу пландалууда. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри менен компания жетекчисинин жолугушуусунда белгилүү болду. Темир жол тармагынын инвестору 10 жыл ичинде курулушка, технология трансферине жана казакстандык адистерди даярдоого 120 миллион еврого жакын инвестиция салды. Темир жол тармагына "жашыл" технологияларды киргизүү маселесин Өкмөт башчы Wabtec жетекчиси менен талкуулады. Америкалык компания өлкөдө локомотив өндүрүшүн локалдаштырууну өнүктүрөт. Инвестор жакынкы 10 жылда күйүүчү майдын альтернативдүү түрлөрүн пайдалануу менен жаңы өнүмдөрдү иштеп чыгууга 200 миллион долларга жакын каражат жумшамакчы.
Рафаэль Санатана, «WABTEC» корпорациясынын аткаруучу мүдүрү:
– Казакстанда биз көптөгөн долбоорлорду ишке ашырдык. Жүк жана жүргүнчү маневрдик локомотивдерин чыгаруудан тышкары быйыл Астанада инженердик борбор салдык. Биз Казакстанга темир жолдогу иштин натыйжалуулугун акысыз негизде жогорулатууга жөндөмдүү Kinetix санариптик коопсуздук орнотмосун иштеп чыктык жана сунуш кылдык. Биздин келечекте Казакстан үчүн гана эмес, Борбор Азия жана Африка өлкөлөрү үчүн да локомотив өндүрөбүз деген пландарыбыз бар.
Казакстанда ультраүн диагностикалык аппараттарды жана компьютердик томографтарды чыгаруу пландалууда. Долбоорду ишке ашырууну Олжас Бектенов GE Health Care аймактык президенти менен талкуулады. Тараптар ошондой эле медициналык сүрөттөрдүн улуттук архивин түзүүнү көздөшүүдө. Премьер-министр кытайлык Fufeng Group (Фуфен Груп) башчысы Ли Сюэчун менен Казакстандын Айыл чарба өнүмдөрүн терең кайра иштетүү долбоорун ишке киргизүүнү талкуулады. Казакстанда жүгөрү менен буудайды кайра иштетүү боюнча өнөр жай паркын түзүү пландалууда. Бул крахмал, аминокычкылдар сыяктуу кошумча наркы жогору азыктарды алууга мүмкүндүк берет. Инвестициянын көлөмү 300-350 млн долларды түзөт.
Ли Сюэчунь, FUFENG GROUP башкарма төрагасы:
– Эки долбоорду бир нече этапта ишке ашырууну пландап жатабыз. Биринчи этапта биз 1 миллион тонна жүгөрү жана 700 миң тонна көмүр-химиялык өнүм өндүрөбүз. Мындан ары өндүрүштүн көлөмүн эки багыт боюнча көбөйтөбүз. Ошондой эле жүгөрү өстүрүү ишине түздөн-түз катышабыз. Андан соң фермерлер менен келишим түзөбүз, жер семирткичтерди, технологияларды сунуштайбыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков