Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөштү. Президенттер казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүүнүн келечегин талкуулап, соода-экономикалык кызматташтыкты жана эл аралык аренада өз ара аракеттенүүнү чыңдоого басым жасашты. Касым-Жомарт Токаев быйыл бугу айында Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүнө жаңы дем берерин белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков