Франция Борбор Азиядагы негизги өнөктөшү болгон Казакстан
менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар. Кеп транспорт, өнөр жай, энергетика,
айыл чарба сыяктуу тармактар тууралуу болуп жатат. Жер казынасын пайдалануу
тармагына да чоң кызыгуу бар. Француз компаниялары маанилүү кендерди казып
алууга жана кайра иштетүүгө инвестиция салууга даяр. Француз бизнес-коомчулугу
бир күн мурун бизнес форумда ата мекендик бизнес менен тил табышты. Эл аралык
Астана форумунан да чоң үмүт бар Беделдүү платформанын аркасында ишкерлер
Борбор Азия өлкөлөрүнүн рынокторуна чыгууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул тууралуу
Франциянын тышкы соода министри Лоран Сен-Мартен эксклюзивдүү маегинде
билдирди.
Лоран Сен-Мартен, Франциянын
тышкы соода маселелери боюнча министри жана чет өлкөлөрдөгү француз
жарандарынын делегаты:
- Биз кызматташуубузду тереңдетүүгө ниеттенип жатабыз. Атап айтканда, сейрек кездешүүчү металлдар, ошондой эле башка маанилүү пайдалуу кендер жаатындагы өнөктөштүк. Дүйнө өзгөрүүдө жана соода динамикасы өзгөрүүдө. Биз салттуу базарлардан алыстап жатабыз. Борбордук Азия азыр биздин негизги келечектерибиздин бири болуп саналат. Эбегейсиз зор экономикалык дарамети бар Казакстан бул стратегияга туура келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

