Президент Chevron корпорациясы мүдүрлөр кеңешинин төрагасы
Майкл Уиртти кабыл алды. Жолугушууда ири инвестициялык долбоорлорго, анын
ичинде газ жана мунай химиясына өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекет башчысы Chevron
компаниясы менен өнөктөштүк өлкөнүн энергетикалык тармагын туруктуу өнүктүрүүдө
негизги ролду ойной турганын белгиледи. Касым-Жомарт Токаев Майкл Уиртти «Теңгиз»
кен жайын кеңейтүү долбоорунун ийгиликтүү аякташы менен куттуктады. Президент
атамекендик мунай жана газ тармагындагы компаниялардын үлүшүн көбөйтүү
актуалдуулугун белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

