Түндүк Казакстан облусунда креативдүү IT-борборлор тармагын өнүктүрүү иши кызуу жүрүп жатат.
Алардын бири Тимирязев районунда өз ишин баштады. Бул аймакта курулган
7-объект. Жалпысынан быйыл аймактын бардык 13 районунда ушундай заманбап
борборлорду ачуу көздөлүп жатат. Алар Digital Aimaq долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Бул жерде жаш, кары дебей санариптик
дүйнөнүн сырларын өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Борбордогу кеңселер заманбап
жабдуулар менен камсыздалган. Келгендерге электрондук кызматтар жеткиликтүү. Өз
ойлорун иш жүзүнө ашыра алышат. Санариптик багыттагы жаңы демилгелердин бирин
Данил Степаненко иштеп чыкты. Анын Sabaq аттуу ойлоп табуусу онлайн-курстарды, насаатчыларды жана долбоордук
ишмердүүлүктү бириктирет.
Данил Степаненко, окуучу, Sabaq платформасын иштеп чыгуучу:
- Учурда бул тиркемени Казакстандын булуң-бурчунан 100дөн ашык окуучу
колдонуп үлгүрдү. IT-борбор биздин иштеп чыгуубузду тактап, андан ары өркүндөтүүгө көмөктөшөт.
Жалпысынан бул жерде дымактуу жаштар санарип сабаттуулугун ачып, коомго
керектүү жана пайдалуу ойлоп табууларды жаратарына ишенем. Ал үчүн бардык
шарттар түзүлгөн.
IT-борбор бир нече
тажрыйбалык аймакты камтыйт. Программалоодо алгачкы кадамдарды жасай турган
билим берүү, биргелешкен технологиялык чечимдер жана ишке ашыруу үчүн коворкинг
орундары каралган. Ал эми гейм аймагы облустун бардык 13 району арасында
бирдиктүү санариптик тармак курууга багытталган. Түндүк Казакстан облусунда IT-борборлорун ишке
киргизүү тажрыйбасы өлкө боюнча кеңири жайылат деп күтүлүүдө. Мындай
долбоорлордун берери мол. Алыскы айыл жерлеринде санариптик инфраструктура
курулуп, бирдиктүү санариптик экосистема калыпташат.
Ерлан Жаров, Түндүк Казакстан облусунун Тимирязев районунун акими:
- Маалыматтык технологиялар борбору биздин райондун өнүгүшүнө жол ачат. Айрыкча
санариптештирүү жана жасалма интеллект жаатында. Бул жерде 3D-принтер, ар кандай
сканерлер, кубаттуу компьютерлер бар. Ошондой эле IT-борбору жогорку
ылдамдыктагы интернет менен камсыздалган. Бул жерге жаштар менен катар улуу
муундун өкүлдөрү да келип, санариптик сабаттуулугун арттыра алышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

