Астана кайрадан бардык шахмат сүйүүчүлөрүн тартуу борборуна айланды. Бул
жолу АКШдан, Европадан, Азиядан жана КМШ өлкөлөрүнөн келген ата мекендик жана
эл аралык серепчилер интеллектуалдык оюнду окутуунун маанилүүлүгү жөнүндө айтып
беришти. Казакстандын борборунда экинчи жолу «билим берүүдөгү шахмат» эл аралык
конференциясы болуп өттү. Анын
алкагында тараптар оюнду окуу процессине киргизүүнүн мыкты тажрыйбалары жана
практикалары менен алмашмакчы. Эксперттердин айтымында, санариптештирүү жана
жасалма интеллект доорунда шахмат көндүмдөрдүн жана маанилүүлүгүн баса белгилөө
кыйын. Ошол эле учурда Казакстанда 700дөн ашуун мектеп биринчи класстар үчүн «шахматтын
негиздери» сабагын билим берүү программасына киргизүү үчүн арыз беришкен. 350
мекемеде жаңы окуу жылынан баштап сабактар башталат. Бул тууралуу KazChessдин
биринчи вице-президенти Дармен Садвакасов билдирди. Мындан тышкары, мугалимдер
дагы сабак боюнча билим алышат. Республикада бүгүнкү күндө 200 мугалим тиешелүү
курстардан өтүштү.
Дармен Садвакасов, «KazChess»дин биринчи вице-президенти:
- Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен мектепте шахмат
программасын ишке ашырып жатабыз, өкмөттүн толук колдоосуна ээ болуп,
2027-жылга чейин шахматты өнүктүрүүнүн комплекстүү планын бекиттик. Анын
алкагында мектептерде вариативдик компонент түрүндө шахматты киргизүү бар.
Өткөн жылдан бери биз билим берүү министрлигинин колдоосу менен пилоттук
долбоорду ишке киргиздик, Казакстандын 7 аймагындагы 42 мектеп ийгиликтүү
болгон пилотко кабыл алынды жана аяк оона айында баштала турган быйылкы окуу
жылында биз бул долбоорду кеңейтүүнү пландап жатабыз.
Джерри Нэш, «Chess in Education» комиссиянын төрагасы:
- Биз шахматты үйрөнө турган студенттер оюнду критикалык
жана чыгармачыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү, ошондой эле коммуникацияларды жана өз
ара аракеттенүүнү үйрөтүү үчүн колдонушун каалайбыз. Бул заманбап дүйнөдө
ийгиликтүү жашоо үчүн зарыл болгон негизги көндүмдөр. Шахмат билим берүү куралы
катары келечекте бүткүл өлкөгө экономикалык таасирин тийгизе турган пайдубалды
түптөйт, анткени жаш муун кесиптик ишмердүүлүккө, анализге, стандарттуу эмес ой
жүгүртүүгө даяр болот.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков