Казакстанда күрүч кабыгынан кремний диоксиди алынат

Казакстанда күрүч кабыгынан кремний диоксиди алынат

Казакстандык окумуштуулар өсүмдүк калдыктарын жок кылуунун жаңы технологиясын иштеп чыкты. Мисалы, күрүч кабыгы мал үчүн катуу тамак катары колдонулат. Анда жөнөкөй белоктор жана жогорку клетчатка камтылган. Мындан тышкары, күрүч саманынан активдештирилген көмүр, пайдалуу биогумус, ал тургай айнек, карапа сыяктуу материалдарды өндүрүүгө колдонулуучу кремний диоксидин алууга болот.

Сакен Канжар, Физика-химиялык анализ лабораториясынын инженери:

- Биздин команда күрүчтүн кабыгынан жана саманынан активдештирилген көмүр алды. Бүгүнкү күндө аны суу тазалоо фильтрлеринде орнотуп, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары, күрүчтүн кабыгынан кремний диоксидин алуу технологиясын иштеп чыктык.  Ал айнек жасоодо колдонулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков