Астана IT университетинин киберкоопсуздук
лабораториясында жасалма интеллекттин жардамы менен санариптик коркунучтарды
аныктоо мүмкүнчүлүгү ишке киргизилди. Санариптик технологиялардын өнүгүшү менен
катар маалыматтык чабуулдардын жаңы түрлөрү пайда болууда. Лаборатория «Акылдуу
шаар» инфраструктурасын, банк системасын, транспорт кыймылын жана башка
турмуштук маанилүү тармактарды коргоо принциптерин өздөштүрүү үчүн «ак хакерлик»
көндүмдөрүн, башкача айтканда системанын алсыз жерлерин аныктоону үйрөтөт. Бул
объект Жогорку Окуу Жайында мурдатан иштеп келе жаткан киберполигондун
катарында кызмат кылат. Ошентип, жаш адистер заманбап киберчабуулга туруштук
берүү тажрыйбасын өздөштүрүшөт.
Андрей Белощицкий, Astana It University илим жана инновациялар боюнча проректору:
– Биз Киберчабуулдарды талдоо жана тергөө борбору менен
биргеликте киберполигон ачтык. Анын максаты маалыматты коргоо системалары менен
ага чабуул жасоо мүмкүнчүлүктөрүн сыноодон өткөрүү. Бир дагы «акылдуу шаар»
инфраструктурасы аны бузуу мүмкүнчүлүгүн толук эске ала албайт. Ал эми
киберполигон маалыматтык коркунучту моделдөөгө, алсыз жерлерди аныктоого,
маалыматтын кайда жана кантип таралып жатканын аныктап ага каршы турууга
мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

