Казакстандын айыл чарба продукциясынын экспорту үчтөн бирине өстү

Казакстандын айыл чарба продукциясынын экспорту үчтөн бирине өстү

Казакстан айыл чарба комплексинде кайра иштетилген өнүмдүн үлүшүн 70 пайызга чейин жеткирүүнү көздөйт. Айыл чарба министри Айдарбек Сапаровдун Президент Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууда билдиргенине караганда, жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөдө тамак-аш азыктарын өндүрүү дээрлик 15 пайызга өстү. Ошол эле учурда экспорттун көлөмү артып, чет өлкөгө жөнөтүлгөн өнүмдүн түрлөрү кеңейүүдө. Мисалы, айыл чарба комплексинин товарларынын экспорту 3 миллиард долларга жетип, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу үчтөн бирге ашык жогорулады. Ошол эле учурда, 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча экспорттун көлөмү 7 миллиард 200 миллион долларга чейин өсүп, айыл чарбасынын дүң продукциясынын көлөмү дээрлик 6 пайызга көбөйөрү күтүлүүдө. Жалпысынан, быйыл бул тармакка 2 триллион теңгеден ашык инвестиция тартуу пландалууда. Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекет башчысы кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнү жана жогорку кошумча нарктуу продукцияларды чыгарууну тапшырды. Ошондой эле ата мекендик агроөнөр жай комплексинин экспорттук дараметин мындан ары кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Айдарбек Сапаров, айыл чарба министри:

– Мамлекет башчысынын колдоосу менен айыл чарба тармагына болуп көрбөгөндөй чоң каржылоо берилип, мамлекеттик колдоо механизмдери кыйла кеңейтилди. Мындан тышкары, «Өнүгүү» фонду аркылуу насыяларды кепилдикке алуу механизми ишке киргизилди. Социалдык-ишкердик корпорациялар аркылуу жүгүртүү каражаттарын толуктоо үчүн каржылоо механизми да ишке ашырылууда. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында өсүмдүк өстүрүү туруктуу өсүштү көрсөтүүдө. Президенттин тапшырмасы боюнча мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө да өзгөчө көңүл бурулууда. Ушул максатта тармакты өнүктүрүү боюнча комплекстүү план кабыл алынды. Жеңилдетилген насыя берүү боюнча жаңы программа ишке киргизилип, зарыл каржылоо булактары камсыз кылынды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков