Казак президентинин демилгелери серепчилердин кызыгуусун арттырды

Касым-Жомарт Токаевдин учурдагы глобалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган демилгелери Боао Азия форумуна чогулган серепчилердин кызыгуусун арттырды. Эске сала кетсек, алар көп тараптуу соода-сатык, каражаттын жеткиликтүүлүгү, азык-түлүк каатчылыгын чечүү, логистика, технологиялар жүгүртүүсү өңдүү маселелерге байланыштуу. Мамлекет башчысынын сөзүндө учурдагы курч көйгөйлөргө каршы күчтү бириктирүү сунушу да айтылды. Экономисттер менен талдоочулар Казакстан президентинин Азия континентинин ролу өсүп келе жатат деген пикирин да  бир добуштан макулдашты. Муну менен катар, Касым-Жомарт Токаев Борбордук Азиянын мааниси эки эсеге өскөнүн жашырган жок. Өз кезегинде Казакстан региондогу эң ири жана күчтүү экономика болгондуктан, 2029-жылга чейин көрсөткүчтү эки эсеге арттыруу боюнча чоң максат коюп жатат. Словениянын экс-президенти жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин мурунку төрагасы Данило Тюрктун айтымында, Казакстандын континенттеги ири экономикалардын бири болууга толук мүмкүнчүлүгү бар.

Данило Тюрк, Словениянын экс-президенти:

- Президент Токаевдин сөзү абдан ишенимдүү болду. Анын сөзүнөн Казакстандын өнүгүү жана жаңылануу дарамети Азия өнүгүүсүнүн негизги факторлорунун бири экенин көрүүгө болот. Президент ушул убакытка чейин жетишилген ийгиликтер менен келечекке арналган пландар тууралуу ар тараптуу айтып, ар бирине токтолду.

Серепчилердин пикири боюнча, өз ара кызматташуу менен аймактагы транспорттук-логистикалык дараметти жогорулатуу - эң туура чечим болуп саналат. Казакстан мурунтан «Орто коридор» деп аталган жолдун чок ортосунда жайгашкандыктан, Азиянын транспорттук түйүнү болууга мүмкүнчүлүгү бар.

Исмаил Хаккы Муса, Түркиянын КЭРдагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:

- Сиздердин президент өз сөзүндө «Бир алкак - бир жол» демилгесине өзгөчө көңүл бургандыгы бизди таң калтырды. Себеби, бул жана Орто коридор долбоорлорунда Түркиянын да ролу өзгөчө. Бул транспорттук коридор бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү бир катар актуалдуу көйгөйлөрдүн натыйжалуу чечими болушу мүмкүн. Орто коридордун транзиттик кубатын арттыруу менен Кытайдын «Бир алкак – бир жол» демилгеси менен байланыштыруу абдан маанилүү. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков