Казакстанда 1 гигаватт кубаттуулуктагы шамал электр
станциясы курулат. Ал өлкөдө гана эмес, бүткүл Борбордук Азияда эң ири станция
болот. «Тынтчык» долбоору 1 миллиард доллардан ашык инвестициянын жалпы көлөмү
менен француз «Total Energies» компаниясы тарабынан ишке ашырылууда. Аталган
объекттин курулушу ушул жылдын кулжа айында Жамбыл облусунда башталат. Ал жерде
150 шамал турбинасы орнотулат, алардын ар биринин кубаттуулугу 7 мегаватт.
Мындан тышкары, кошумча 600 МВт/саат кубаттуулуктагы энергия топтоо системасы
киргизилет. 2028-жылдын аягында - 2029-жылдын башында ишке киргизилгенден кийин
станция көмүр кычкыл газынын чыгарылышын жылына кеминде 3 млн тоннага,
республиканын түштүгүндөгү электр энергиясынын тартыштыгын кыскартууга
мүмкүндүк берет. Долбоор Казакстандын энергетикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ.
Тьерри Плезан, Totalenergies Kazakhstan башкаруучу мүдүрү:
– Биз
долбоорлоо иштерин бүтүрүп, негизги жабдууларды, өзгөчө турбиналарды жана
топтоочу каражаттарды сатып алууну аяктадык. Анткени бизде Казакстандагы эң чоң
электр энергиясын топтоочу тутумдар болот. Бизде 300 мегаваттык батареялар
орнотулат. Бул Казакстандагы мындай масштабдагы алгачкы батареялар. Ал эми
тармакка туташуу үчүн 500 киловольттук 200дөн ашык линия тартылат.
Сильван Гиоге, Франциянын
Казакстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:
– Биз азыр Казакстанда жана Астанада экологиялык саммиттин алкагында таза энергия өндүрүү боюнча өз чечимдерин сунуштаган, мунай жана газга негизделбеген айрым француз компанияларын тааныштырып жатабыз. Бул саммитте биз суу ресурстарын туура башкарууга өзгөчө көңүл буруп жатабыз, анткени Борбор Азияда, Казакстанда суу ресурстарынын жетишсиздиги көйгөйү бар экенин билебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

