Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик оркестри Өзбекстандын Конституция күнүнө арналган мааракелик иш-чарага катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Казак ырлары аткарылып, күү чертилди. Элдердин достугу аянтында концерт болуп, Жеңиш багы мемориалдык паркына гүл чамбарлар коюлду. Расмий жыйында Өзбекстандын «Айбын» республикалык аскердик-патриоттук иш-чарасына, казак тайпаларынын катышуу мүмкүнчүлүгү каралды. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө эки өлкөнүн коргоо тармагында тыгыз байланыш орногон. Тараптар биргелешкен окуу-машыгууларды өткөрүп турушат. Жалпы күч-аракетин аймактагы коопсуздукту камсыз кылууга багыттайт.
Султан Камалетдинов, Коргоо министринин орун басары:
Бул иш-чара биринчи жолу уюштурулуп жатат. Биз өз кезегибизде Өзбекстандын аскердик оркестрин Казакстанга чакырдык. Аскердик билим, илим, жаштарды тарбиялоо багытында бир катар келишимдерди түздүк.
Которгон: Илгиз Жамалбеков