Германиянын белгилүү басмаканасы казакстандык композитордун партитурасын чыгарды

Германиянын белгилүү басмаканасы казакстандык композитордун партитурасын чыгарды

Казакстандык композитордун чыгармаларын «Verlag Neue Musik» Германиянын беделдүү музыкалык басмаканасы басып чыгарды. Рахат-би Абдысагындын органга жазган партитурасы аталган өлкөнүн бардык музыка дүкөндөрүндө сатылат. Ошондой эле, өлкөнүн Улуттук китепканасы жана консерваториялары менен жогорку окуу жайларына тапшырылат. Буга чейин бул басмаканада Рахат-би Абдысагындын флейта жана гитарага арналган чыгармалары да жарыяланган эле. Жалпысынан, «Verlag Neue Musik» 60 жыл ичинде белгилүү классиктер менен бирге таланттуу жаш композиторлордун чыгармаларын чыгарып келет.

Кристоф Таггатц, «Verlag Neue Musik» басмасынын шеф-редактору:

- Бетховен сыяктуу классиктер менен катар Германия, Италия, Франция жана Англиянын белгилүү заманбап композиторлорунун чыгармаларын басып чыгарабыз. Рахат-би Абдысагын биз менен өнөктөштүк түзгөн алгачкы казак композитору. Анын талантын көптөн бери билебиз. Жеке өзүм аны менен таанышмын. Музыкасын укканда чыгармаларынын кайталангыс стилин тааныйм. Өзүнүн талантуу тили бар. Сатуу менен бирге анын эмгектерин консерваториялардын доценттерине тапшырабыз. Студенттерге көрсөтсө болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков