Казакстан менен Канада мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү тармагында бир катар долбоорлорду ишке ашырууда. Канада тараптан уюштурулган виртуалдык айыл чарба көргөзмөсү бул жаатта кызматташууну тереңдетүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Иш-чаранын жүрүшүндө казакстандык дыйкандар айыл чарба жаатындагы канадалык алдыңкы технологиялар менен тааныша алышат.
Акылбек Камалдинов, Казакстан Республикасынын Канададагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:
- Канада агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүдө бай тажрыйбага ээ экендиги белгилүү. Эки өлкөнүн ортосундагы климаттык окшоштуктар гана эмес, Канада айыл чарба жаатында дүйнөлүк лидерлердин бири экендиги биздин өлкө үчүн чоң кызыгууну жаратат. Бул атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу үчүн жаңы технологияларды киргизүү боюнча өлкөнүн стратегиялык максаттарына дал келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков