Алматы шаарында «Абай жолу менен» аттуу көргөзмө ачылды. Ойчул, акын Абай Кунанбай уулунун 180 жылдык мааракесине арналган агартуучулук иш-чарасында 80ден ашуун уникалдуу чыгарма тартууланды. Алар сүрөт тартуу, графика, декоративдик-колдонмо искусство сыяктуу ар кандай жанрларды камтыйт. Келгендердин назарына Абайдын портреттери, анын чыгармаларына иллюстрациялар, улуттук оймо-чиймелер жана жасалгалар сунушталды. Ошентип, уюштуруучулар акындын мурасын жаңы кырынан таанытууга аракет кылышты. Экспозициядан орун алган өзгөчө чыгармалардын бири полимер менен темир айкалышынан чегерилип жасалган «Абай» чыгармасы. Сөз зергеринин өмүрүн жана чыгармачылык жолун чагылдырган иш-чарада эч жерде көрсөтүлбөгөн бир катар чыгармалар жарык көрдү.
Тилек Чуленов, Сүрөтчүлөр биримдигинин мүчөсү:
- Космос темасына байланыштырып скафандр катары колдонуп
жатам. Бирок мен чоң атамдын бет түзүлүшүн өзгөртпөй ошол боюнча калтырып
жатам. Убакыт канчалык тез өзгөрбөсүн өз эмгегим аркылуу улуу ойчулдун
мурасынын байлыгын жана даанышмандыгын чагылдыргым келди.
Көргөзмө алкагында атамекендик сүрөтчүлөрдүн салтту сүрөт
тартуу жана графика боюнча ыкмалары көрсөтүлөт. Коноктор кийиз жасоо, булгаары
иштетүү жана сайма сайуу өнөрү менен улуттук кийим тигүү боюнча билимдерин
өркүндөтө алышат.
Болатбек Нурбатыров, Абай атындагы улуттук педагогикалык университетинин бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси:
- Абайдын чыгармаларында, Абайдын тарбия сөздөрүндө негизги теманы ээлейт жана Абайдын образын чагылдырат. Бул жерде турган сүрөттөрүбүздүн артында графикалык эмгектерге көз түшөт жана анын техникасын да ар тараптуу караганда, анын бир өзгөчөлүгү бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

