Казакстанда Арал деңизинин кургатылган түбүнө үрөн себүү акыркы жылдары кызуу жүрүүдө. Бирок, чөлгө туруктуу өсүмдүктөрдү агродрондор менен отургузуу демилгеси биринчи жолу колго алынууда. Адистердин айтымында, абадан үрөн себүүнүн эффективдүүлүгү эбегейсиз. Эң негизгиси, ашыкча иштөө талап кылынбайт. Ошондой эле, өнүмдүүлүккө өзгөрүш алып келмекчи. Быйыл 100 миң гектар аянтка абадан үрөн себүү мерчемделген.
Руслан Ахметов, «А.Бөкейхан атындагы казак токой чарбасы жана агро токой мелиорация ГЗИ» Алматы филилынын мүдүрү:
- Арал деңизинин кургак жеринде фитомелиоративдик
өсүмдүктөрдү өстүрүү планы бар. Бул максатта агродронду сыноодон өткөрүп
жатабыз. Бул аппарат 50 килограммга чейинки салмакты көтөрө алат. Биз бадалдын
үрөнүн агродрон менен чачабыз. Дагы башка уруктарды сынап көрөбүз. Бул
программа 3 жылга эсептелген.
Бастьен Паскаль, Чет элдик помпания өкүлү:
- Долбоордун алкагында 120 миң гектар жерге
галофиттүү өсүмдүктөрдүн үрөнү себилип, бүгүнкү күндө 16 миң гектар жерге сөксөөл
көчөттөрүн отургузуу иштери башталды. Долбоор биринчиден аймактын экологиялык
абалын жакшыртууга жардам берсе, экинчиден өзгөчө социалдык мааниге ээ. Башкача
айтканда, жергиликтүү тургундар иш менен камсыз болууда.
Мамлекет башчысы 2021-жылы беш жылда деңиз аймагындагы 1
миллион 100 миң гектар жерге чөлгө туруктуу өсүмдүктөрдү отургузууну тапшырган.
Ушул убакка чейин 780 миң гектар жерде мелиорация иштери жүргүзүлдү. Азырынча
тапшырма 71 пайызга аткарылды. Эми адистер ишти жаңы ыкма менен улантышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

