Мамлекеттик
кеңешчи мажилистеги
саясий партиялардын алты фракциясынын жетекчилери менен жолугушту. Ерлан Карин
Казакстан Президентинин Кайрылуусунун
негизги демилгелерине көңүл бурду. Өз кезегинде депутаттар мыйзамдык камсыздоо
жана мамлекет башчысы белгилеген милдеттердин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча
пландаштырылган иштери тууралуу айтып беришти. Парламенттик реформа тууралуу да сөз болду. Мамлекеттик кеңешчи өлкө
Президентинин жаңы саясий демилгеси саясий системаны мындан ары чыңдоого
багытталганын баса белгиледи. Фракциялардын жетекчилери Касым-Жомарт Токаевдин
сунушун колдоп, алдыдагы коомдук талкууга активдүү катышууга даяр экендиктерин
билдиришти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

