Казакстан менен Монголия Астанада өткөн
бизнес-форумдун жыйынтыгында 19 келишимге кол коюшту. Макулдашуулар негизги
тармактарды камтыйт - өнөр жай жана айыл чарба комплексинен логистикага,
соодага, санариптештирүүгө жана туризмге чейин. Тараптар өнөр жай кооперациясын
өнүктүрүүгө, экспорттук жеткирүүлөрдү кеңейтүүгө жана жаңы логистикалык
маршруттарды түзүүгө басым жасашат. Казакстан Монголия рыногуна тоо-кен
металлургиялык комплексинин өнүмдөрүн, азык-түлүктөрдү жана электрониканы
активдүү жеткирип жатат. Ишкер чөйрөлөр агросекторго өзгөчө көңүл бурушту, анын
ичинде дан, ун жана экологиялык таза айыл чарба өнүмдөрүн жеткирүү боюнча.
Мурат Каримсаков, Казакстандын тышкы соода палатасынын төрагасы:
- Транспорттук-логистикалык багытты өнүктүрүү да өтө маанилүү артыкчылык болуп саналат. Башкача айтканда, бүгүнкү күндө Казакстан аркылуу бул продукциялар Орто Азия, Европа жана Кытай Эл Республикасынын базарларына жеткириле аларын түшүнөбүз. Ошондуктан, бул тармакта да биздин кызматташтыгыбыздын келечеги абдан чоң. Маанилүү келишимдердин катарында вагондорду жеткирүүнү белгилеп кетсек болот. Атырау вагон куруу заводунун продукциясын Монголияга жеткирүү боюнча жетишилген макулдашуулар бар.
Форумга Монголиянын 80ден ашуун компаниясы келген. Алардын өкүлдөрү Астананын каржылык инфраструктурасынын мүмкүнчүлүктөрүнө жана капиталдын эл аралык рынокторуна чыгуу үчүн шарттарга кызыкты. Ишкерлердин пикиринде, кызматташтыктын дарамети азыркы товар жүгүртүүнүн көлөмүнөн кыйла ашып түшүп, мындан ары да өсүүгө муктаж.
Булган Саруул, Монголиянын
улуттук соода-өнөр жай палатасынын башкы катчысы:
– Биздин бизнес
Астанада каржы борборунда арбитраждык борбордун британ системасы менен иштеп
жатканына абдан кызыкдар. Бизде дагы эл аралык арбитраждык борбор бар. Эки тарап
тең компанияларга мамилелерин жөнгө салууга жардам беришибиз керек. Бул биздин
компанияларды абдан кызыктырат. Дараметибиз чоң деп ойлойбуз, сооданы көбөйтүү
керек жана бүгүнкү бизнес-форумубуз таяныч пункт болот деп ойлойм.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

