Казакстандын аймактарында суу каптоо коркунучу жоюлган жок

Казакстандын аймактарында суу каптоо коркунучу жоюлган жок

Казакстандын айрым аймактарын суу каптоо коркунучу жоюла элек. Актөбө облусунда куткаруучулар дарыя каналдарына коргоочу дамбаларды орнотуп, жээкти кум каптар менен бекемдеп жатышат. Ойылдан башка Ор, Ыргыз дарыяларында суунун деңгээлинин көтөрүлүшү байкалууда. Ойыл жана Кобда райондорунун үч калктуу конушунун жолдорун суу каптагандыктан, башка шаарлар менен байланыш азырынча калыбына келе элек. Актөбөдө эле 9 коттеджди суу каптаган. Эвакуация пункттарында 114 адам бар. Учурда көчөлөрдү жана короолорду ээриген кардан тазалоо иштери жүрүп жатат.

Кумар Турмагамбетов, облусттук өкднин башкарма башчысы:

– Акыркы 5-6 күндөн бери абанын температурасы нөлдөн жогору болууда. Түндө райондордо да түнкү температура нөлдөн жогору болуп жатат. Ал жакта да ушундай болуп жаткан болушу мүмкүн. Көрүш керек. Ар бир дарыянын өзүнүн өзгөчөлүгү, кооптуу деңгээли да бар. Ошондуктан  суунун деңгээли дагы эле каналдардан жогору турат дегенге болбойт.

Адистердин айтымында, аймакта акыркы беш жылдан бери мынчалык суу болгон эмес. Бул убакыттын ичинде аймактагы үч ири суу сактагыч жарым-жартылай да толбоптур. Бирок быйыл кырдаал кескин өзгөрдү. Баткак суу сактагыч чегинен ашып кетүүгө аз калды. Бул райондун дыйкандарын кубандырат.

Түндүк Казакстан облусунда да селдин алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Габит Мүсирепов районунда муздун тыгылуусу мүмкүн болгон дарыялар менен көлдөрдүн аймактарында муз жаруу жумуштары аткарылды. Себеби, жергиликтүү дарыялардагы сел учурунда суунун деңгээли бир нече метрге көтөрүлөт.

Санат Мукашев, Габит Мүсирепов районунун өкб башчысы:

– Үч жерде муз жардыруу иштери жүргүзүлдү. Бул чаралар көрүлбөсө, суунун деңгээли кескин көтөрүлгөн учурда аталган дарыялардын жээгиндеги калктуу конуштарды суу каптоо коркунучу пайда болмок.

Райондогу 11 калктуу конушту суу каптоо коркунучу бар. Айдоо аянттарынан эриген суу аталган айылдарды дагы капташы мүмкүн. Ошондой эле, кооптуу аймакта Сарыкөл айылына жакын жерде курулушу өткөн жылы башталган көпүрө турат.

Нурлан Төребеков, Габит Мүсирепов району акминин орун басары:

– Айдоо аянттарынан жана дөңсөөлөрдөн эриген суулар көпүрөнү жууп кетиши мүмкүн. Ошого жараша, эки айыл аймактын облус борбору менен байланышы үзүлүп калуу коркунучу бар. Алар Тахтаброд жана Крымбет айыл аймагы.

Суу каптоо коркунучу бар бардык аймактарга мобилдик куткаруу топтору тартылды. Адистер кооптуу мезгилдин аягына чейин иштешет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков