Бауыржан Момышулы тууралуу түрк тилинде китеп жарык көрдү

Бауыржан Момышулы тууралуу түрк тилинде китеп жарык көрдү

Бүгүн Советтер Союзунун Баатыры, аскер башчы, стратег, жазуучу Бауыржан Момышулынын туулганына 111 жыл толду. Даңктуу кол башчы 1910-жылы бештин айынын 24дө Жамбыл облусунун Жуалы районунда туулган. Баатырдын ысымы өз өлкөсүндө гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө өзгөчө урмат менен аталат. Кол башчы тууралуу чыгармалар катары жакында түрк тилиндеги «Түркестандын баатыр уулу Бауыржан Момышулы» аттуу түрк тилиндеги китеп менен толукталды. Автору – белгилүү Анадолу жазуучусу Ашур Өздемир. Биографиялык эмгек үч бөлүктөн турат. Бауыржан Момышулынын үй-бүлөсү, балалык чагы менен жаштыгы, аскердеги жана андан кийинки жашоосу, адамдык сапаттары тууралуу кеңири маалыматтар камтылган. Ошондой эле, казак адабияты, көркөм котормолор боюнча ой-пикирлер, көз караштар менен толукталган. Белгилей кетсек, китептин бет ачар аземи Казакстандын Түркиядагы элчилигинин уюштуруусу менен Анкара шаарында өттү.

Ашур Өздемир, китептин автору:

- Менин агайым Мекемтас Мырзахметов магистрдикти коргоодо сунуштаган тема. Мен сунушту кабыл алдым. Ага эки жылдай убакыт кетти. Китепти чыгарганга чейин бир жылдай иштедим. Майда-чүйдөсүнө чейин изилдеп чыктым. Кызыктуу жана жалындуу адам. Табиятынан ушундай. Ал токтоо, айтканынан кайтпаган өжөр адам болгондуктан түрк окурмандарына жагат деп ойлойм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков