Ал улуттук сөз айкаштарын чагылдыруунун өзгөчө ыкмасына бекеринен келген эмес. Ал кесипкөй вирусолог. Дал ушул адистик анын кайталангыс багытка кызыгуусун жаратты. Био-арт ыкмасындагы өзгөчө чыгармаларын өзү иштеген борбордогу лабораториялардын биринде жасайт. Өзүнүн жамаатындагы чыгармачылык сынакта өнөрүн тааныштыргандан кийин эмгектери көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан.
Динара Успанова, вирусолог, бактериолог-дарыгер:
- Сынакка катышкан кезде көптөн бери ойлонуп жүргөн бул өнөрүмдү жүзөгө ашырууга бел байладым. Ошентип, бактериялардан казактын оюмдарын өстүрө баштадым. Казактын улуттук өрнөктөрү унутулуп баратат. Ошондуктан, ушундай өзгөчө ыкманы колдонуп, жаш салтыбызды жаңылоого кириштим. Ата-бабаларыбыздын, апаларыбыздын кайталангыс өнөрүн баалап, өзүбүздүн түпкү маданиятыбызды, каада-салтыбызды унутпашыбыз керек деп эсептейм. Себеби, казактын оймо-чйимелеринин ар биринде терең маанилер жатат, кайсынысы болбосун маанилүү.
Уникалдуу искусство үчүн атайын чөйрө талап кылынат, мында боёктун ордун бактерия, ал эми кенептин ордуна лабораториялык чынылар келет. Бул «тирүү сүрөттөрдү» микроорганизмдерден өстүрүп, керектүү форманы жасоо өзгөчө кылдаттык, эпчилдик жана кесипкөй билимди талап кылат. Мисалы ичеги таякчасы кызыл же кызгылт түс берет. Башкача айтканда, сүрөттү ар кандай түскө боёш үчүн керек. Бир өкүнүчтүүсү мындай уникалдуу чыгарма көпкө сакталбайт.
- Динара Успанова, вирусолог, бактериолог-дарыгер:
Мен оюмдарды өстүргөндөн кийин узак убакытка сактабайм. Бул биринчи кезекте коопсуздук эрежелерине байланыштуу. Ар бир жасаган чыгармамды талапка ылайык дезинфекциялайм. Анан бардык эрежелерге ылайык өчүрөм. Бул бактериялардын таза колониясы менен обочолонгон, алар белгилүү шарттарда, белгилүү бир азык чөйрөсүндө гана өсөт, мунун баары микробиологиянын стандарттары боюнча атайын ыкма менен жүргүзүлөт.
Динаранын айтымында, микробиология бул чыныгы искусство. Жаш илимпоз кайталангыс багыттын татаал жактарын үйрөнүүнү максат кылат. Чыгармачылык менен алектенген адис илимдин кандидаты болуу үчүн диссертация жактоону көздөп жатат. Негизги максаты – чыгармачылыгы менен казак илиминин өнүгүшүнө салым кошуу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков