Корей элинин салттуу музыкасы, кол өнөрчүлүгү, искусствосу менен маданий мурасы Астанада. «K-Maestro» көргөзмөсү Казакстан менен Кореянын ортосундагы өз ара маданий алмашуу жылынын алкагында уюштурулду. Иш-чарага дипломаттар, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, ошондой эле коомдук ишмерлер менен өлкөнүн жаштары катышты. Өзгөчө экспозицияда өсүп келе жаткан муун үчүн «Мэдып» токуучулук өнөрү боюнча уникалдуу шоу сунушталды. Кошумчалай кетсек, көргөзмөнүн ачылыш аземинде коноктор улуттук аспапта ойногон казак музыканттары менен корейлердин улуттук ыры «Ариранды» аткарган корей артисттеринин биргелешкен өнөрүнө күбө болушту.
Ку Бон Чхоль, Корея Республикасы
элчилигиндеги корей маданияты борборунун мүдүрү:
- Биз казакстандык меймандарга
байыртан келе жаткан салттуу өнөрлөрүбүздү көрсөттүк. Маселен, барабандын
коштоосунда аткарылуучу «пхансори» менен «ариран» ырлары биздин негизги адабий мурасыбыз десек болот.
Казакстандык жаштардын заманбап корей музыкалары менен сериалдарын көрүп, угуп Кореяга
болгон кызыгуусу артканын билебиз. Ошондуктан бүгүн жаштардын катары калың
болду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков