АКШнын Хьюстон шаарында өткөн робот кураштыруу сынагына 110 мамлекеттен 36 миң таланттуу жаштар катышты. Сынакта өлкө намысын 50гө жакын окуучу коргоду. 6 жаштан 10 жашка чейинки эң жаш категориядагы Алматы шаарынын командасы жогорку ынталуулугу, кызматташуу руху жана бири-бирин урматтоосу үчүн өзгөчө бааланды. Башталгыч класстын окуучуларынын инновациялык жана техникалык иштеп чыгуулары мыкты долбоорлордун катарына кирди. Ошондой эле, татаал тапшырмаларды аткарууга жөндөмдүү күчтүү жана эффективдүү робот жасаган 10-16 жаштагы орто жаштагылар тобунда дагы бир ата мекендик команда жогорку техникалык сыйлыкка ээ болду. Кошумчалай кетсек, 12-18 жаштагылар арасында жогорку категориядагы байге Алматы шаарынын командасына ыйгарылды. Эске салсак, улуттук курама команданын курамы өлкөнүн Маданият жана спорт министрлигинин колдоосу менен өтүп жаткан FIRST Central Asia Борбордук Азия оюндарында түзүлгөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков