Казак элинин маданиятын жайылтуу жана башка өлкөлөрдүн каада-салттары менен таанышуу. Бул максатта Казакстандын Түркиядагы элчисинин жубайы негиздеген клубдун мүчөлөрү кол өнөрчүлөрдүн эл аралык көргөзмөсүн уюштурушту.
Анкарадагы иш-чарада 300гө жакын колго жасалган уникалдуу буюмдар коюлду. Алардын катарында жибек жиптен жана кылдан жасалган сүрөттөр, ар кандай таштардан жасалган оймо-чиймелер, түрк стилинде саймаланган чыгармалар да бар. Мындай уникалдуу эмгектердин баары - клуб мүчөлөрүнүн төрт жылдык эмгегинин жемиши. Клубдун координатору Гүлбану Сыргабаеванын айтымында, эмгектердин бир бөлүгү сатылып, андан түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшалат.
Рүмейса Доган, Анкара шаарынын тургуну:
- Клуб мүчөлөрү түрк кол өнөрчүлүгүн мыкты өздөштүрүшкөн. Бул баарынын эле колунан келе бербей турган нерсе. Эмгектер бири-биринен өтөт, кооз. Бул чыдамдуулукту жана туруктуулукту талап кылган жумуш. Өзүм таң калып, сыймыктанып жатам. Пандемия учурунда бизге жакшы маанай тартуулады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков