Казгидромет 2023-жылдагы түшүмдүн болжолун жарыялады

Казгидромет 2023-жылдагы түшүмдүн болжолун жарыялады

Казакстандын дыйкандары быйыл жүгөрүнүн жана кант кызылчасынын мол түшүмүн алышат. Мындай божомолду Казгидромет билдирди. Алдын ала эсептөөлөр боюнча 2023-жылга Жетису, Алматы, Жамбыл жана Түркестан облустары жүгөрүдөн көп түшүм ала алат. Ошондой эле республиканын эки облусунда кант кызылчасынын түшүмдүүлүгү жогору болоору пландалууда. Костанай, Түндүк Казакстан, Чыгыш Казакстан, Актөбе, Батыш Казакстан облустарынын кээ бир райондорунда буудай менен күн караманын мол түшүмү болот деп күтүлүүдө.


Которгон: Илгиз Жамалбеков