Казакстандын
агроөнөр жай тармагына инвестиция 118 пайызга өстү. Көрсөткүч 2024-жылдын ушул
мезгилине салыштырмалуу арткан. Үстүбүздөгү жылдын 4 айында тармакка 213
миллиард теңге тартылды. Каражат айыл чарба жана балык чарбасына, ошондой эле
тамак-аш өндүрүшүнө жумшалды. Өлкөдө жакынкы 3 жылга агроөнөр жай комплексинде
инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Жол картасы иштелип чыгып,
бекитилди. Алардын 677с. Аларга
3 триллион теңгеден ашык каражат каралган. Маанилүү долбоорлордун катарына Түркестан
облусунда жүгөрүнү тереңдетип иштетүүчү завод, Чыгыш Казакстан облусунда май
комбинаты, Жамбыл облусунда бакма канаттуулар фабрикасы, Актөбедеги жүн иштетүүчү
завод кирет. Мындан тышкары, министрлик Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарынын
компаниялары менен ири инвестициялык келишимдерге кол койгон.
Ермек Кенжехан уулу,
айыл чарба вице-министри:
- Тактап айтканда,
быйыл 611,2 миллиард теңгеге 282 долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Министрлик
«Түндүк-Казакстан облусунун тажрыйбасын тираждоо» программасын каржылоонун
үстүндө иштеп жатат. Буга байланыштуу 2023-жылы 69 сүт-товар фермасы каржыланган.
Ошондой эле 2025-жылы бул программаны улантуу үчүн 154 долбоорго 200 миллиард
теңге бөлүнгөн. Учурда алардын долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуу
жана тандоо иштери жүрүп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

