Казакстан
Жапония менен биргелешкен
долбоорлор үчүн зарыл шарттарды түзүүгө жана тартымдуу инвестициялык климатты
камсыздоого даяр. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Токиодогу «Борбордук Азия – Жапония» диалогунун биринчи
саммитинде билдирди. Мамлекет башчысы Премьер-министр Санаэ Такаичиге жыйынды
чакыруу демилгеси үчүн ыраазычылык билдирди. Анын пикиринде, мындай саммиттер
Борбордук Азиянын эл аралык процесстердеги ролунун күчөшүн көрсөтөт.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
-
Токиодо мындай маанилүү форумдун өтүшү – Казакстан үчүн жана
менимче, бүткүл Борбордук Азия үчүн чоң мааниге ээ окуя. Жапониянын мурдагы тышкы
иштер министри Ёрико Кавагучинин демилгеси менен «Борбордук Азия – Жапония» диалогунун
түзүлүшү символикалык
мааниге ээ. Тышкы иштер министрлеринин
деңгээлиндеги биринчи жыйын 2004-жылы Астана шаарында өткөн. Бул окуя Борбордук
Азиянын башка ири мамлекеттер менен окшош платформаларды ишке киргизүү үчүн
үлгү болду.
Казакстандын Президенти Борбордук Азиянын Жапония менен
кызматташтыгы тарыхый жактан калыптанган процесс экенин өзгөчө белгиледи.
Илгери өлкөлөрдү Улуу Жибек жолу байланыштырып турган. Бүгүнкү күндө да өз ара
пайдалуу кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүктөр арбын. Мисалы, Борбордук Азиянын
транзиттик жана логистикалык дарамети Жапония үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Анткени
Азия менен Европанын ортосундагы кургактагы жүк ташуулардын 80% ашыгы Казакстандын
аймагы аркылуу ишке ашырылат. Касым-Жомарт Токаев Жапония өкмөтүнүн Каспий
деңизиндеги Актау портундагы бажы процедураларын өркүндөтүүгө катышуу чечимин
кубаттады жана жапон компанияларын Ортоңку коридордун боюндагы темир жол, порт,
автоунаа жана логистикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө катышууга чакырды.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Казакстан Жапонияны соода, инвестиция, транспорт,
логистика, илим, технология, билим берүү же сапаттуу адам ресурстары болобу, өз
ара аракеттенүүнүн бардык тармактарында ишенимдүү өнөктөш катары карайт. Бул
саммит Казакстан менен Жапониянын кызматташтыгында конкреттүү натыйжаларга алып
келет деп ишенем, демек өз максатын актайт. Урматтуу Премьер-министр, Казакстан
Борбордук Азия жана Жапония форматындагы саммиттерди өткөрүү эстафетасын кабыл
алууга даяр.
Казакстан көмүр суутектерди өндүрүү жана кайра иштетүү
долбоорлоруна жапон инновацияларын жана инвестицияларын тартууга кызыкдар. Өз
ара пайдалуу кызматташуунун дагы бир чөйрөсү - атомдук энергетика. Бул жерде
өзөктүк калдыктарды башкаруу, өзөктүк коопсуздук жана жогорку квалификациялуу
кадрларды даярдоо жаатындагы долбоорлор өзгөчө кызыгууну жаратат. Ошондой эле,
Мамлекет башчысы туруктуу айыл чарба тармагында биргелешкен изилдөө
платформасын түзүүнү жана суу чарбасын өнүктүрүү боюнча биргелешкен программаны
иштеп чыгууну сунуштады. Саммиттин жыйынтыгында Токио декларациясы кабыл
алынды. Бул форматтагы төрагалык эми Казакстанга өттү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

