Казакстандын учкучтар менен инженердик-техникалык курамынын даярдык деңгээли жогору. Аскердик авиацияны өнүктүрүү боюнча Коргоо министрлигинин Абадан коргонуу күчтөрүнүн башкы командачысы брифингде айтып берди. Даурен Косановдун айтымында, быйыл экипаждар тажрыйбасын 15%га жогорулатып, учуу сааттарынын санын көбөйттү. Ар бир учкучтун орточо убактысы 40 сааттан ашты. Инженердик-техникалык жактан тейлөө адистери да квалификациясын жогорулатты. Машыгууларда алар курал-жарактын жана аскердик техниканын ар кандай түрлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн сынап көрүштү. Өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн тиешелүү бөлүмдөрү 30дан ашык тактикалык-оперативдүү машыгууга катышты. Даурен Косанов кайра куралдануу программасына ылайык абадан коргонуу системаларын жана учактар паркын жаңыртуу боюнча иштер тууралуу маалымат берди. Ошентип, казак армиясы С-295 аскердик-транспорттук учактары, Ми-35 жана Ми-171Ш транспорттук жана согуштук тик учактары, ошондой эле, «Anka» чабуул коюучу учкучсуз учактары менен толукталды.
Даурен Косанов, Коргоо
министрлигинин абадан коргонуу күчтөрүнүн башкы командачысы:
- Жыл соңуна чейин дагы бир
ТОР-2М батареясы келет деп күтүп жатабыз.
Келерки жылдын башында дагы 6 Су-30СМ учактары келип кошулат. Бүгүнкү күндө ал дүйнөдөгү эң мыкты көп
функциялуу аскердик учак, буга кошумча «Тор-М2К» зениттик-ракеталык комплекси
менен «А-400М Атлас» аскердик транспорттук учагы менен толукталабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков