Евразия
экономикалык биримдиги аудитордук кызматтардын бирдиктүү рыногун түзүүнү
пландаштырууда. Тиешелүү келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун бүгүн
мажлис депутаттары карады. Аудитордук кызмат көрсөтүү боюнча келишимди караган
документке Экономикалык шериктештикке кирген өлкөлөр 2022-жылдын чын куран
айында Москва шаарында кол коюшкан. Анын ченемдери аудиторлорду, уюмдарды,
аудитордук кызматтарды жүзөгө ашыруу укугунун пайда болушун жана токтотулушун,
сапатка тышкы көзөмөл жүргүзүү жана иштин стандарттарын аныктайт. Муну менен
катар келишимде аудиторлордун кесиптик этикасынын бирдиктүү талаптары көрсөтүлгөн.
Мажилисте белгиленгендей, бирдиктүү тейлөө рыногу бир мамлекеттин профсоюздук
уюмдарына Биримдиктин башка өлкөлөрүндө аудитордук иштерди жүргүзүүгө мүмкүндүк
берет. Келишим күчүнө киргенден кийин аудитордук отчеттор бардык евразиялык
«бештик» мейкиндигинде таанылат.
Ерулан
Жамаубаев, Премьер-министрдин орун басары, каржы министри:
-Казакстан үчүн
аудитордук кызматты ички жөнгө салуунун айрым өзгөчөлүктөрү Келишимдин
32-беренесинде эске алынган. Бул өзгөчөлүктөр казакстандык аудиторлордун жана
аудитордук уюмдардын укуктарына кысым көрсөтпөөгө мүмкүндүк берет. Бул макулдашууну
ратификациялоо өлкөбүз үчүн терс социалдык-экономикалык кесепеттерге алып
келбейт жана республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды бөлүүнү талап
кылбайт.
Татьяна
Савельева, Парламент Мажилиси каржы жана бюджет комитетинин катчысы:
-Макулдашууну
ишке ашыруу эки этаптан турат. Биринчи этап - ратификациядан кийин ЕАЭБге мүчө
мамлекеттерде уюштуруу маселелерин жөнгө салуучу нормалар күчүнө кирет. Экинчи
этап аудит чөйрөсүндө административдик кызматташуу жөнүндө кошумча макулдашууну
иштеп чыгууну жана кабыл алууну камтыйт, андан кийин бул макулдашуунун жоболору
толук күчүнө кирет.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков