Суу коопсуздугу, ресурстарды натыйжалуу башкаруу,
сууну үнөмдөөнүн инновациялык технологиялары. Бул маселелер Сауд Арабиянын баш
калаасындагы One Water саммиттинин негизги темасы болду. Эскерте кетсек,
форумду Казакстан жана Франция уюштурган. Касым-Жомарт Токаев саммиттин ачылыш
аземинде сөз сүйлөдү. Казакстандын президенти суу коопсуздугу туруктуу
өнүгүүнүн, экономикалык өсүштүн негизи экенин белгиледи. Бирок бүгүнкү күндө
дүйнө жүзү боюнча 6 миллиарддан ашуун адам сапаттуу ичүүчү сууга жетпей, жапа
чегүүдө. Жыл сайын кырдаал курчуп,
көйгөй глобалдуу болуп баратат.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Республикасынын президенти:
- Адамзаттын туруктуу
келечегин камсыз кылуу үчүн дүйнө өлкөлөрү учурдагы чакырыктарга жалпы юилдирүү
жасоосу кажет. Учурдан пайдаланып жатып, суу тартыштыгына туш болгон бардык
өлкөлөргө жана региондорго жардам берүү планын жарыялагандыгы үчүн жогорку
мартабалуу Корольго чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Аймагы чоң жана деңизге
чыга албаган өлкө катары Казакстан суунун баалуулугун так билет. Суу түгөнгүс
ресурс эмес. Биз муну башыбыздан өткөн кырдаалдан билебиз. Суунун да сурагы
бар.
Ошондуктан, Казакстан суунун
ар бир тамчысынын баркын билип, дүйнөлүк Freshwater Challenge демилгесине жана
One Water Vision коалициясына кошулууда. Акыркысы суу ресурстарын комплекстүү
башкарууга көмөктөшөт. Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаев жаңы демилгелерин
жарыялады. Мамлекет башчысынын пикири боюнча, климаттык суу инфраструктурасына
конкреттүү инвестициялар бүтүндөй региондорду өзгөртө алат. Сууну үнөмдөөчү
айыл чарбасын да өнүктүрүү зарыл – ал айлана-чөйрөгө болгон оорчулукту азайтат.
Албетте, глобалдык суу циклиндеги чоң роль мөңгүлөргө таандык, ошондуктан
аларды сактап калуу үчүн жалпы эрежелерди иштеп чыгуу абдан маанилүү.
Касым-Жомарт Токаев аларды изилдөө жана коргоо үчүн глобалдык изилдөө
борборлорун бириктире турган өнөктөштүк түзүүнү сунуштады. Бир сөз менене айтканда,
учурдагы суу каатчылыгын биргелешип, кырдаалдын өзгөрүүсүн так көзөмөлдөө менен
гана чечүүгө болот. Ошондуктан Казакстан БУУнун колдоосу менен 2026-жылы
аймактык климаттык конференция өткөрөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

