К.Токаев улуттук курултайдын IV жыйынына катышты

К.Токаев улуттук курултайдын IV  жыйынына катышты

Региондордун экономикалык өсүшүнүн жаңы чекиттерин түзүү жана аларды өнүктүрүүдөгү дисбаланстарды жоюу. Бүгүнкү күндө бул - мамлекеттин негизги милдеттери. Улуттук курултайдын 4-отурумунда мамлекет башчысы ар бир казакстандык үчүн маанилүү темаларды көтөрдү. Алсак, экономикада быйыл реалдуу секторду каржылоону 8 триллион теңгеге чейин көбөйтүү пландалууда. Кийинки жылдары көлөмү 10 триллионго чейин жетет. Касым-Жомарт Токаев бизнести колдоонун көлөмүн өлкө үчүн болуп көрбөгөндөй деп атады. Мамлекеттин инфраструктуралык долбоорлорунун тизмеси дагы толукталат. Ошентип, Астанадан Аркалык, Тургай жана Иргиз аркылуу Транскаспий транспорттук коридоруна түз чыгуучу автожолдун курулушу башталат.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Жаңы магистраль өлкөнүн борбордук жана Батыш аймактарынын ортосундагы жолду 560 чакырымга кыскартат. Бул бүтүндөй Тургай аймагынын өнүгүшүнө дем бере турган масштабдуу долбоор. Мындан тышкары, Аркалык шаарында аэропортту калыбына келтирип, ал жерге жаңы аэровокзал комплексин куруу керек. Мунун баары өлкөнүн транспорттук байланышын гана бекемдебестен, Борбордук Казакстанда айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Убакыттын өтүшү менен өлкөнүн экономикасы санариптик трансформациядан өтүшү керек. Бул жерде блокчейн индустриясынын өнүгүшү чоң роль ойнойт. Президент крипто алмаштыргычтар, санариптик каражаттарды жүгүртүү жана тоо-кен санариптик каражаттарды тартуу ишин мыйзамдаштыруу үчүн ыкчам чараларды кабыл алууга буйрук берди. Бирок, мындай технологиялык түзүлүш абдан энергияны талап кылат жана дүйнөдө электр энергиясынын тартыштыгы өсө берет. Ошондуктан Казакстан өзүн электр энергиясы менен толук камсыздоодон сырткары, дүйнөлүк рынокто ири экспортер болуп калышы керек деп эсептейт мамлекет башчы.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Биз үчүн алдыдагы ондогон жылдарга динамикалык экономикалык өнүгүүнүн бекем базасын камсыз кыла турган жаңы энергетика тармагын түзүү стратегиялык жактан маанилүү. Ошондуктан бир эмес, үч атомдук электр станциясын куруу жана акырында толук ядролук кластерди түзүү керек деп эсептейм. Бул зарыл нерсе. Бул милдеттин өзгөчө маанилүүлүгүн эске алуу менен мен президентке караштуу өзөктүк энергетика боюнча агенттикти түзүү чечимин кабыл алдым.

Санариптештирүү жана энергетикадан тышкары, Мамлекет башчысы агро өнөр жай комплексин жана адам капиталын Казакстандын туруктуу өнүгүүсүнө жол ачкан негизги факторлор деп атады. Касым-Жомарт Токаев салык реформасы боюнча да пикирин билдирди. Өздүк нарк салыгынын ченемин жогорулатуу мамлекет алган социалдык милдеттенмелерди аткарууга мүмкүндүк берет. Айта кетсек, алар Казакстанда бюджеттин жарымынан көбүн ээлейт. Ал эми республика бул жолдон кайтууну көздөбөйт. Ошондуктан билим берүүгө, саламаттыкты сактоого инвестиция салуу улантылат. Илим дагы чоң колдоо алууда. Президент ички саясат чөйрөсүндө бирдиктүү концептуалдык документ даярдоону тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков