Казакстан президенти Пакистан Премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Казакстан президенти Пакистан Премьер-министри менен телефон аркылуу  сүйлөштү

Касым-Жомарт Токаев Казакстан менен Пакистандын экономикалык кызматташуу үчүн чоң дарамети бар экенин белгиледи. Мамлекет башчы Ислам Республикасынын Премьер-министри Шахбаз Шариф менен телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар бири-бирин Курман айт майрамы менен куттуктап, эки тараптуу мамилелердин келечектүү багыттарына өзгөчө көңүл бурушту. Пакистан тараптын демилгеси менен болгон сүйлөшүүдө эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуусуна байланышкан маселелер, анын ичинде Астанада өткөн ШКУ саммитинин күн тартиби талкууланды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков