Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы Казакстандагы реформаларга жогору баа берди. Эски континенттин түзүмүнүн отурумунда Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен Казакстандагы демократиялык реформалардын ишке ашырылуу барышы талкууланды. Анын мүчөлөрү өлкөдөгү майыптыгы бар адамдарды, аялдарды жана аялуу катмарларды коргоону күчөтүүгө арналган жана адам укуктары жаатындагы өзгөрүүлөрдүн тийимдүүлүгүн белгилешти.
Жолт Немет, Венгрия мамлекеттик жыйыны эл аралык иштер комитетинин төрагасы:
- Президент Касым-Жомарт Токаев кызматка киришкенден бери биз Казакстандын саясий системасын жаңылап, аны эл аралык стандарттарга ылайык келтирген бир катар реформалардын күбөсү болдук. 2022-жылы өлкөдө өлүм жазасы жоюлду. Бул Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы көптөн бери даңазалап келген тарыхый кадам болду. Өлкөдө жүргүзүлгөн конституциялык реформалар Парламенттин ролун, институттардын көз карандысыздыгын жана аткаруу бийлигинин отчеттуулугун күчөттү.
Маулен Ашимбаев, Парламент сенатынын төрагасы:
- Казакстан өзүнүн узак мөөнөттүү өнүгүү артыкчылыктарын: мыйзам үстөмдүгүн орнотуу, адам укуктарын коргоо, инклюзивдүү коом куруу жана бийлик системасын ачык жол-жоболор, тең салмактуулук системасы менен демократиялаштыруу сыяктуу механизмдерди так белгиледи. Биз ЕКПАнын мамилесин жана реформалар жолунда Казакстанды андан ары да колдоого даяр болуусун кубаттайбыз.
Парламенттик диалогду андан ары бекемдөө, туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү, социалдык инклюзияны жана ачык сот адилеттигин камсыз кылуу сыяктуу актуалдуу маселелерди талкуулоо «Казакстандын өнүгүү жолу: демократиялык реформалар жана парламенттик дипломатия аркылуу биримдик» аттуу тегерек столдо улантылды. Казакстан Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев күзгү сессиянын аянтчасында Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын жетекчилери менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

