Казакстандын 13 жогорку окуу жайы дүйнөнүн эң мыкты университеттеринин катарына кирди

Казакстандын 13 жогорку окуу жайы дүйнөнүн эң мыкты университеттеринин катарына кирди

Казакстан QS World University Rankings предметтик рейтингинде тарыхый рекорд койду. Өлкө өз позициясын бекемдеп, тизмедеги дисциплиналар менен жогорку окуу жайларынын санын 13кө чейин жеткирди. Изилдөөгө дүйнөнүн 100 өлкөсүндөгү 1900 университеттин 21 миңден ашык билим берүү программалары киргизилген. Борбор Азиядагы окуу жайлардын арасында эң жогорку көрсөткүч Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетине таандык. Ал эми Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети 4 тармактык жана 23 предметтик рейтингге кирди. Андан кийинки орунда 15 дисциплина менен Л.Н. Гумилёв атындагы Евразия улуттук университети турат. Ошондой эле алдыңкылардын катарында Казак улуттук агрардык изилдөө университети жана Курмангазы атындагы Казак улуттук консерваториясы бар. Илим жана жогорку билим берүү министрлигинен белгилешкендей, казакстандык билим берүү системасы барган сайын атаандаштыкка жөндөмдүү болуп, өлкөнүн аймактык билим берүү борбору катары макамын бекемдөөдө.

Олжас Беркинбаев, Илим жана жогорку билим берүү министринин кеңешчиси:


– Бул рейтинг Казакстан үчүн эмнени билдирет? Биринчиден, бул ата мекендик жогорку окуу жайларынын дүйнөлүк деңгээлге чыгышынын натыйжасы. Экинчиден, бул чет элдик өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүдө жогорку окуу жайларынын рейтингине таасир этет. Бул рейтинг чет өлкөдөн грант же кош диплом алууга, академиялык мобилдүүлүккө өбөлгө түзөт дегенди билдирет. Үчүнчүдөн, бул бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуу келечектерине таасир этет. Эң негизгиси, университеттер азыр жөн гана билим берүүчү эмес, инвестициялык борборлорго айланууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков